Бишкек шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга Д.С аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 10-январда шаардагы сейил бактардын биринин унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаасынын терезесин талкалап, белгисиз адам өздүк документтер салынган сумкасын жана 2 миң доллар акчасын уурдап кеткен.
Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 33 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган.
Учурда шектүүнүн башка иштерге катыштыгы бар же жогу иликтенип жатат.