Ысык-Көлдө жапайы жаратылышты коргоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жакшы жыйынтык берип, саны азайып кеткен кыргоолдор кайра көбөйүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрлик кыш мезгили кыргоолдор үчүн эң оор, азык аз учур болгондуктан, аларга жем чачуу иштерин уюштурган. Демилгени жергиликтүү мергенчилер коому колдоого алган. Учурда Ак-Суу районунун аймагында 1200гө жакын кыргоол катталган.
"Мыйзамсыз аңчылыкка каршы чаралар, жапайы жаратылышка зыян келтиргендерге жоопкерчилик күчөтүлдү. Кыргоолдор үчүн учурдагы негизги коркунучтардын бири - жырткычтар, бул багытта да тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө",- деп жазылган маалыматта.