"Тазалыктын" унаасына таштандыны чуркап чогулткан спортчу баланын видеосу көпчүлүктү суктандарды. Аталган видеону спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүшкөн.
Айрымдар анын шамдагайлыгына суктанышса, кээ бирлери жашоодо ушундай тырышчаак адамдар ийгиликке жетерин жазышууда.
"Эркек киши кандай гана жумуш болбосун, уялбай, иштеши керек. Ар бир эмгек баалуу, жана талыкпай иштеп анан алдыга жылууга болот. Кыргызстаныбызды таза кармайлы",- деген билдирүү калтырган спортчу мырза.