Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда учурда туман болуп, кар жаап жатат. Буга байланыштуу Чүйдүн Жол милициясы айдоочуларды коопсуздук эрежелерин так сактоого, унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.
Мекемеден кабарлангандай, "Сосновка" көзөмөл өткөрмө жайында айдоочулардын унааларынын абалы текшерилип коё берилүүдө.
Ага удаа жол тейлөө мекемелери тарабынан жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө.