Биз социалдык тармакта

Окуучуну уруп, сабак үйрөткөн мугалим өз жагдайын түшүндүрдү (видео)

Бишкек шаарындагы №87 мектепте кыргыз тили сабагы учурунда окуучуну уруп, сабак үйрөткөн мугалим өз жагдайын түшүндүрдү.

"Сабак учурунда окуучуга бир нече жолу түшүндүрсөм дагы айтып бере албагандыктан, ачууга алдырып чаап жибердим. Окуучунун ата-энесинен кечирим сурайм",- деген мугалим.

Ал эми Свердлов РИИБи окуя каттоого алынганын, учурда керектүү экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайлары такталып жатканын билдирди.

екшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам талаптарына ылайык укуктук баа берилет. Жашы жете элек баланын ата-энеси жазуу түрүндө арыз жазуудан баш тартты",- деп белгиленген маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда окуучунун уруп, сабак үйрөтүп жаткан мугалимдин видеосу тараган. Ал эми Агартуу министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайлары аныкталарын билдирген.

Сабак учурунда окуучуну урган мугалим өз жагдайын түшүндүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан