Бишкек шаардык милициясы баласын тээп, ур-токмокко алган аялдын окуясы Кыргызстанда эмес, Казакстандын Желтоксан облусунда орун алганын билдирди.
Милициянын баамында, маалымат таратып жаткан социалдык тармактагы айрым баракчалар окуянын дарегин тактабай эле жарыялашкан. Милиция жарандарды коомчулукту адаштырып, дүрбөлөңгө салуудан алыс болууга чакырат.