Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кышкы кабыл алуунун 3-туру башталды. Бул тууралуу маалымат "Абитуриент online" сайтында жарыяланды.
Кабарлангандай, 3-турдагы кабыл алуу бүгүн, 19-январда башталды, 21-январда жыйынтыкталат. Мындан тышкары, төртүнчү тур айдын аягына чейин созулат.
Эске салсак, жогорку окуу жайларда кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган келишимдик орундарга гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөт.