Мамлекеттик “Учур” жаштар театры жаңы имараттуу болот. Бул тууралуу аталган театрдын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, театрга буга чейин "Туңгуч" жеке театры колдонуп келген имарат берилет.
"Жакында "Чатыр-Көл" театрын мэрияга өткөрүп, анын негизинде "Туңгуч" театрынын имаратында бизди тосуп алышмай болду.
Бир нече баш байгелерди багындырган, чет өлкөгө байма-бай чыгып Кыргыз театрын даңазалаган биздин спектаклдерди жакында жаңы сахнадан көрөсүздөр. Кубанычыбызда чек жок!",- деп жазылат билдирүүдө.