Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы суу сактоочу кампанын күзөт бөлмөсүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу 19-январда ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы бир бөлүм тартылып, саат 10:09да толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 1 киши (аты-жөнү такталууда) каза болгон.