Биз социалдык тармакта

Бишкекте бейбаштыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелип 25 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу белгисиз эркек кишинин жубайын сабап жатканын көрүп, аялды коргоого аракет кылган. Натыйжада шектүү жаран аны менен жаңжалдашып, сол ийин жагына эки жолу бычак сайып, окуя болгон жерден изин сууткан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2001-жылы туулган А.А. аттуу шектүү жаран аныкталып, кармалды. Ал Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан