
2025-жылдын 1-январынан тартып өлкөдө Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги системинин алкагында утилизациялык төлөмдү төлөө милдети күчүнө кирди. Бул тууралуу 20-январда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, бул өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды товарлар менен таңгактар колдонулгандан кийин аларды кайра иштетүүгө жоопкер кылган мамлекеттик механизм.
Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №322 токтому менен ӨКЖ системине кирген 24 товардык топтун тизмеси бекитилген. Ага аккумуляторлор, автошиналар, майлоочу майлар, пластик жана картон таңгактар, тиричилик техникалары жана башка товарлар кирет. ӨКЖ төлөөчүлөр:
- импорттоочулар товарлар өлкө аймагына киргизилгенден кийин 15 күндүн ичинде;
- өндүрүүчүлөр ар квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин төлөөгө милдеттүү.
Утилизациялык төлөмдөн түшкөн каражаттар таштандыларды кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана экологиялык таза технологияларды киргизүүгө багытталат.