Бүгүн, 20-январда Бишкек шаарынын мэри мыйзамсыз курулуштарды текшерүүдө.
Маалыматка ылайык, калаа мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү шаардык кызматтарга Жибек-Жолу проспектиндеги көпүрөнүн жанындагы дарыянын жээгинде жайгашкан имараттардын жана курулмаларынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тапшырма берди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузган объекттер боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.