Биз социалдык тармакта

Коргоо министрлигине атайын техникалар тапшырылды (сүрөт, видео)

Бишкек шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы аянтында бүгүн, 20-январда Коргоо министрлигинин аскер комиссариаттарына атайын техникалар тапшырылды.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, коргоо министри Руслан Мукамбетов, Бишкек гарнизонунун өздүк курамы, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ошондой эле чакырылган коноктор катышты.
Бүгүн - Кыргыз Республикасынын коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоодо дагы бир ишенимдүү кадам жасалып жаткан күн. Көздү кубантып борборубузда тизилген ушул техникаларды биз Сиздерге өткөрүп берүү менен бирге бул иш-чара мамлекеттин армияга болгон ишенимин, элдин жоокерге болгон колдоосун, мекенге кызмат кылуунун ыйыктыгын дагы бир жолу жогору көтөрөбүз”,- деп белгиледи өкмөт башчы.
Иш-чара Бишкек гарнизонунун өздүк курамынын жана Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Маалымат үчүн: Коргоо министрлигине 81 даана техника берилди. Алар: 36 Chevrolet Cobalt жүк ташуучу унаасы, 19 JAC T-6 унаасы, 18 “Газель” фургону, 5 экипаж автобусу жана 3 JAC Sunray кичи автобусу.

Коргоо министрлигине атайын техникалар тапшырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан