Биз социалдык тармакта

"Менин шаарым" тиркемесине ыкчам билдирүүлөр системи киргизилди

"Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин жаңыртылган версиясы чыгарылды. Бул тууралуу 20-январда Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, тиркемеге суу менен камсыздоонун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу, тургундарды ыкчам кабардар кылуучу функция киргизилди. Билдирүүлөр колдонуучуларга түздөн-түз ыңгайлуу санарип форматта жөнөтүлөт.

Жекелештирилген билдирүүлөрдү алуу үчүн тиркемени акыркы версиясына чейин жаңыртып, жеке кабинетте өздүк эсепти сактоо зарыл. Бул кызматтын туура иштешин жана тиркеменин бардык функцияларына жеткиликтүүлүктүн болушун камсыздайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан