
Банктардын "кара тизмесине" кирип калган жарандар 3 жылдан кийин кайра насыя ала алышат. Тийиштүү мыйзам долбоорун парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети биринчи окууда жактырды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунда негативдүү насыялык маалыматты сактоо мөөнөтүн 5 жылдан 3 жылга чейин кыскартуу сунушталууда. Ошондой эле 10 миң сомго чейин насыя алгандардын терс насыялык маалыматтары бир жылдан кийин өчүрүлөт.