Биз социалдык тармакта

Төрага Тургунбек уулуна КУУнун “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды

Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Ардактуу профессор” наамы ыйгарылды.
Университеттин ректору Догдурбек Чонтоев 100 жылдык тарыхка ээ окуу жайды өнүктүрүү багытындагы бардык демилгени төрага жигердүү колдоп келе жатканын белгилеп, көрсөтүлгөн жардамдар билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.
«Ага ылайык, окумуштуулар кеңешинин чечими менен Төрага Нурланбек Тургунбек уулуна «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ардактуу профессору» наамын ыйгарып жатабыз», – деди Чонтоев.
Парламенттин басма сөз кызматы төрагага окуу жайдын мааракелик медалы ыйгарылганын кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан