Биз социалдык тармакта

Январда тайгак жолдон 200дөн ашык адам жаракат алды

Спорттук-реабилитациялык борбордун жаракаттар пунктунун маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-19-январь күндөрү тайгак жолдун кесепетинен 295 адам жаракат алып, медициналык жардамга кайрылды.
Алардын ичинен 227 учурга сынуу диагнозу коюлуп, дагы 68 кайрылуу көгала жана чоюлуп кетүүлөр менен байланыштуу болгон. Сынык менен кайрылган бардык бейтаптарга гипс салынган.
Медициналык адистердин айтымында, жаракат алуунун негизги себеби — тайгак тротуарларда, тепкичтерде жана жөө өтмөктөрдө жыгылуу. Ушуга байланыштуу жарандарга тайгак жолдо жүрүүдө өзгөчө сак болуу сунушталат.

"Жаракат алган учурда өз алдынча дарыланууга болбойт. Дароо медициналык жардамга кайрылуу зарыл",- деп эскертти Саламаттык сактоо министрлиги.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан