Социалдык тармактарда кыргыз тилин шылдыңдаган видео жарыяланып, коомчулукта талкуу жаратты.
Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталгандыгын Бишкек шаарынын ИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин экстремизмге каршы кызматкерлери жана УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иштердин жүрүшүндө видеодогу жарандардын өздүгү аныкталып, алар тергөө кызматына жеткирилген. Учурда алардын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн соттук лингвистикалык экспертиза дайындалды.
Экспертизанын жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде чечим кабыл алынат. Бишкек шаарынын ИИББи жарандарды мамлекеттик тилди жана коомдук адеп-ахлак нормаларын урматтоого чакырат.