Буга чейин шаардагы бир мекемелердин ичинде калпагын чечпеген Кубанычбек Талдыбековдун видеосу тарап, коомчулуктун колдоосуна арзыган. Андан көп өтпөй анын үңкүрдө жашаганы белгилүү болду.
Бул окуядан кийин ага мамлекет тарабынан 1 бөлмөлүү батир берилген. Кыргызстандын атынан эл аралык чуркоо мелдештерине катышып, бир канча медалдын ээси болгон ал турмуштун катаал соккусуна моюн сунбай, спорт менен алектенүүсүн токтотпой келет.
SUPER.KG медиа порталы Кубанычбек менен жакындан баарлашып, анын тагдырын кенен баяндап берет.
Видеону толугу менен SUPER.KG медиа порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.