
Өлкө аймагында бир суткада, 20-январда 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, Чүй облусунда 3, Бишкек шаарында 5, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 19 күжүрмөн эсеп тартылды.