Биз социалдык тармакта

Милиция кызматкерлери кош бойлуу аялды төрөт үйүнө жеткирүүгө көмөктөштү (видео)

Кайгуул кызматынын кызматкерлери кош бойлуу аялды ыкчам төрөт үйүнө жеткирүүгө көмөк көрсөтүштү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, аталган кызматкерлерге шаар тургуну кайрылып, жардам керек экенин билдирген. Ал жубайын тез арада төрөт үйүнө жеткирүү керектигин айтып, көмөк көрсөтүүнү суранган.

"Кызматкерлер коопсуз коштоо уюштуруу аркылуу кош бойлуу аялды медициналык мекемеге ыкчам жеткиришти. Кызматкерлердин так жана ыкчам аракеттеринин натыйжасында аял өз убагында дарыгерлерге өткөрүлүп берилди",- деп билдирген башкармалык.


Милиция кызматкерлери кош бойлуу аялды ыкчам төрөт үйүнө жетикирүүгө көмөк көрсөтүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан