Бүгүн, 21-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сунушталып жаткан 10 айлык окутуу маселесин кайрадан көтөрдү.
Эл өкүлү 10 ай өтө эле көптүгүн, жол эрежелерин сактоону мектептен, бала бакчадан баштоо керектигин белгилеп өттү.
"10 ай деген өтө эле көп. Мен түшүнүп турам, жол эрежесин сактоо маданиятын жогорулатуу керек. Ал нерсени мектептен, бала бакчадан баштоо керек. Танка айдоону үйрөтүү үчүн дагы 10 ай окутулбайт. Мен суранат элем, ушул нерсени кайра карап чыгышса",- дейт Бекешев.