Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кечээ, 21-январь күнү саат 20:40 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунда 1800 метр куб кар көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаа жолду тазалоо үчүн "ЖЭМ-27" ишканасынан 2 даана бульдозер тартылып, бүгү, 22-январда саат 00:50дө унаа жолу толугу менен тазаланып, ачылган.