Биз социалдык тармакта

Депутат жаштар тарбиялуу болушу үчүн агайларды көбөйтүү керектигин айтты (видео)

Депутат Табылды Муратбеков мектептерде эркек мугалимдердин санын көбөйтүү керектигин айтты. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин бүгүн, 21-январдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эркек мугалимдерди көбөйтүү жаштардын тарбиялуу болуп өсүшүнө негиз болот.

"Эркек мугалимдердин жоктугу мектептердеги тартипсиздиктин дагы бир себеби болууда. Ушул боюнча өкмөт тиешелүү иштерди алып барып, жол-жоболорун карап көрсө. Албетте, эркек мугалим, аял мугалим деп бөлүп кароо негизсиз. Бирок агайларды көбөйтүү жаштарыбыздын тарбиялуу өсүшүнө негиз болуп бермек",- деди Муратбеков.

Депутат эркек мугалимдерди көбөйтүү жаштардын тарбиялуу өсүшүнө негиз болорун айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан