Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

Кыргызстандын тоолуу райондорунда 21-январынан 24-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу 21-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, төмөнкү ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн:
  • Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
  • Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусу, Красная-Горка - Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдары;
  • Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдары;
  • Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу;
  • Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу.
ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендигин эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан