Бишкек шаарындагы 100 даана лифт быйыл жаңыланат. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.
Андагы маалыматка ылайык, "Бишкекшаарлифт" ишканасы лифттерди модернизациялоону пландап жатат жана аларды сатып алуу боюнча сынактык жол-жоболорду даярдоо жана өткөрүү алкагында лифт жабдууларын жеткирүүчүлөрдү сынакка катышууга чакырат.
"Катышуучулар тиешелүү иш тажрыйбасына ээ болушу жана Бажы союзунун техникалык регламенти "Лифттердин коопсуздугу" талаптарына жооп бериши керек. Сынак "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамга ылайык өткөрүлөт",- деп билдирди мэрия.