
Бүгүн, 22-январь саат 09:50гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда ашуулар толук көзөмөлдөнүп, күнү-түнү тазалоо, кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.