Биз социалдык тармакта

Хижамадан каза болду деп айтылган ымыркай боюнча экспертиза дайындалды

Өзгөн районунда каза болгон ымыркай боюнча экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-январь күнү милицияга аймактык ооруканадан 2025-жылы туулган ымыркай аталган бөлүмдө кан аздыгынан улам каза болуп калгандыгын билдирген. Бул факт боюнча текшерүү иштери башталган. Аны жүрүшүндө күбөлөр суралып, каза болгон ымыркайдын өлүмүнүн келип чыгуусун аныктоо максатында тийиштүү экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат.

Буга чейин Өзгөндө 1 ай 22 күндүк ымыркайга хижамадан каза болгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан