Ысык-Көлдө мыйзамсыз курал сактаган жарандар аныкталышты. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук милиция кызматкерлери "Арсенал" аталышындагы ыкчам-профилактикалык операция жүргүзүшкөн. Операциянын негизги максаты - мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыруучу заттарды жана атайын каражаттарды аныктоо, алуу жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу болуп саналат.
Иш-чаранын жүрүшүндө профилактикалык текшерүүлөр жүргүзүлүп, каттоодо турган курал ээлеринин сактоо эрежелерин аткаруусу көзөмөлдөнүүдө.