Өзгөндө жол талашта адамдын өмүрүн алган окуянын видеосу тарады 

Социалдык тармактарда Өзгөн районунда эки жаран жол талашып, уруша кеткен окуянын видеосу тарады. Анда эки киши кубалашып, аларды бир канча адам ажыратууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Ош облустук милициясы билдиргендей, 24-январда Өзгөн РИИБине аймактык ооруканадан 26 жаштагы жаран Э.М. учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 32 жаштагы жаран кармалган.
Алдын ала маалымат боюнча, маркум Э.М. менен шектүү Х.уулу С. жол талашып уруша кетишкен. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Эскертүү: Видео сезимтаал адамдарга сунушталбайт.

Өзгөндө жол талашта адамдын өмүрүн алган окуянын видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан