Ошто мыйзамсыз алкоголдук ичимдиктерди өндүрүп жаткан цех аныкталды. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, цех жашыруун иштеп жаткан. Текшерүү учурунда 54 бөтөлкө, 330 даана акциздик марка, 686 даана этикетка жана 200 даана бөтөлкөнүн капкагы табылган. Учурда топтолгон материалдар күч органдарына өткөрүлүп берилди.