АКШда кар жаап, катуу бороондон улам 24 штатта өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 130 миңдей үйдүн электр жарыгы өчүрүлүп, миллионго жакын тургун электр жарыгысыз калды. Эң көп өчүрүүлөр Техас жана Луизиана штаттарында болгон. Мындан тышкары, жолдор жабылып, коомдук транспорттор ишин токтоткон.
Улуттук аба ырайы кызматы Чыгыш Техастан Түндүк Каролинага чейинки аймактарда дагы калың кар жаашын эскертип, элди үйдөн чыкпоого чакырды. Ошондой эле АКШда 16 миңден ашуун аба каттамы токтотулганы маалым болду.