Биз социалдык тармакта

Венесуэла бийлиги ондогон саясий туткундарды бошотту

Венесуэланын бийлиги ишемби күнү АКШнын басымынын натыйжасында өлкө боюнча түрмөлөрдөн кеминде 80 адамды бошотту. Бул тууралуу "Foro Penal" уюмунун маалыматына таянып чет элдик басылмалар жазышууда.

Уюмдун жетекчиси Альфредо Ромеро учурда бошотулган адамдардын ким экенин тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Бул - АКШ Венесуэланын президенти Николас Мадурону кармагандан бери бошотулган туткундардын акыркы тобу. Өткөн жума күнү Венесуэланын убактылуу президенти Делси Родригес жалпы 600дөн ашуун адам бошотулганын айткан. Бул сан ашыкча көрсөтүлгөн",- деп билдирди уюм.

Буга чейинки бошотулган адамдардын арасында Венесуэланын оппозиция өкүлдөрү жана Испаниянын беш жараны болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан