Кытайдын Борбордук аскердик кеңешинин төрагасынын орун басары Чжан Юся Пекиндин өзөктүк куралы тууралуу жашыруун маалыматты АКШга берген деп айыпталууда. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы маалымат булактарына таянып жазды.
Басылма ал жемкорлукка да шектелип жатканын белгилейт. Көп жылдар бою Чжан Юся президент Си Цзиньпиндин ишенимдүү жардамчысы жана "оң колу" деп эсептелип келген.