Бүгүн, 26-январда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сары-Дөбө айылындагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көлдөгү башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 11:38де 2 күжурмөн эсеп тартылган. Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.