Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын армиясынын дүйнөлүк рейтингдеги орду

Global Firepower аскердик аналитикалык порталы жарыялаган дүйнө өлкөлөрүнүн армиясынын рейтингинде Кыргызстан 109-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 105-орунда болчу.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан 53-орунду. Казакстан 58-орунду, Түркмөнстан 78-орунду, ал эми Тажикстан 100-орунду ээлеген.

Алдыңкы үчтүккө АКШ, Орусия жана Кытай кирген. Ондуктагы өлкөлөрдүн тизмеси бул жакта. Жалпысынан рейтингде 145 өлкө көрсөтүлгөн.

Рейтингди түзүүдө аскерлердин жана аскердик техниканын көлөмү, ошондой эле өлкөнүн экономикалык абалы, демографиясы, логистикалык мүмкүнчүлүктөрү жана коргонууга кеткен чыгымдары сыяктуу 60тай фактор эске алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан