Ооганстанда катуу жааган кардын жана жамгырдын кесепетинен кеминде 61 адам каза болуп, 110 адам ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирүүдө.
Табигый кырсыктын кесепетинен 458 турак жай, жарым-жартылай жана толук талкаланган. Адистер кырсыктын кесепеттерин баалоону улантып жатышат.
Акыркы 3 күн ичинде өлкөнүн көптөгөн аймактарында катуу суук болуп, катуу кар жааган. Мунун себебинен бир нече башкы жолдор жабылды, анын ичинде Кабулду башка провинциялар менен байланыштырган жолдор да бар.