Филиппиндин Шарифф-Агуак шаарынын мэри Ахмад Ампатуанга гранатомёт менен кол салууга аракет жасалды. Sunstar басылмасынын маалыматына караганда, куралчан адамдар саясатчынын автокербенине буктурма уюштуруп, анын жол тандабасын РПГ менен аткылашкан.
Социалдык тармактарга тараган видеолордо кол салгандар көчөдө кичи автобустан түшүп, ок атканы көрүнөт. Снаряд унаага тийгенине карабай, мэр жабыркаган эмес. Анын айрым күзөт кызматкерлери жаракат алышкан. Кол салгандар качууга аракет кылган учурда коопсуздук күчтөрү тарабынан жок кылынганы кабарланды.