Ошол эле учурда "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын жетекчилерине курулуш толук бүткөнгө чейин Кыргызстандан чыгууга чектөө коюлганы айтылды. Мындан тышкары, турак жайлардын этап-этабы менен тапшыруу жагы катуу көзөмөлгө алынды.
Оштогу "Элит-Строй-Сити" курулуш компаниясынын "Манас" турак жай комплексинин ээлери батирлерин 2026-жылдын сентябрь айына чейин алышат. Мындай убаданы аталган курулуштун жетекчилери бергенин УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, интернет желесинде батир сатып алгандар бийлик жетекчилерине кайрылуу жасап, курулуш өз мөөнөтүндө бүтпөй, убадалар аткарылбай жатканан билдиришкен. Кечээ, 26-январда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгында Курулуш министрлигинин өкүлдөрү, курулуш компаниясынын жетекчилери менен жолугушуу өттү. Анда кечигүүлөрдүн себептери тууралуу маалыматтар угулду.