Биз социалдык тармакта

Франция парламенти балдарга социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салуу демилгесин колдоду

Франциянын Улуттук ассамблеясы 15 жашка чейинки балдарга жана өспүрүмдөргө социалдык тармактарды колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду.
Документти 130 депутат жактап, 21и каршы добуш берди деп билдирет Le Figaro гезити. Бул чечим балдарды зыяндуу контенттен, экранга көз карандылыктан коргоо максатында кабыл алынып жатат.
Мыйзам долбоорунда мектептерде жана колледждерде уюлдук телефондорду пайдаланууга тыюу салуу чарасы да камтылган. Эгер мыйзам акыркы жолу Сенатта кабыл алынса, Франция социалдык тармактарга кирүү үчүн жаш курактык чектөөнү киргизген Европадагы алгачкы өлкө болот.
"Балдарыбыздын акыл-эси америкалык платформаларга да, кытайлык социалдык тармактарга да сатылбайт",- деп билдирди өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон X социалдык тармагы аркылуу. Ал мыйзамды тездетилген тартипте карап чыгып, аны келерки окуу жылынан тартып күчүнө киргизүүнү талап кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан