Биз социалдык тармакта

Орусия Сириянын Камышлы шаарындагы базасын бошотууда

Орусия Сириянын түндүк-чыгышындагы Камышлы аэропортунан өз аскерлерин чыгарып кетти.

Чет элдик басылмалар булактарына таянып билдиргендей, аскерлерди жана курал-жарактарды чыгаруу өткөн жумада башталды. Күчтөрдүн бир бөлүгү Хмеймим аймагындагы орусиялык авиабазага жөнөтүлүп, калгандары Орусияга кайтышат.

Акыркы эки күндүн ичинде Камышлыдан Хмеймимге аскердик техника жана оор курал-жарактар ташылып кеткенин Сириянын коопсуздук кызматындагы булак билдирген.

Ошол эле учурда басылмалар 26-январда Камышлы аэропортунда Орусиянын желектери илинип, ал өлкөгө таандык эки учак турганын белгиледи.

Камышлы - Сириядагы Орусиянын үч аскердик базасынын бири. Бул жерге аскерлер 2019-жылы жайгаштырылган. Сирияда бийлик алмашкандан кийин да сактап калган. Ал тургай 2025-жылдын жай айларында бул аймактагы аскерлер көбөйтүлгөнү маалымдалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан