Түндүк Кореянын аймагынан Япон деңизин көздөй баллистикалык ракета учурулду. Кийинчерээк алардын бири Япониянын аймагынан тышкары жерге түшкөнүн өлкөнүн Коргоо министрлиги X социалдык тармагында билдирди.
Ракеталардын учуу траекториясы жана мүмкүн болгон зыян тууралуу так маалымат берилген жок.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Япониянын жээк күзөт кызматы ракетаны буга чейин эле аныктаган. Жээк күзөт кызматы аймакта жүргөн кемелерди ракетанын сыныктарына жакындабоого жана тез арада бийлик өкүлдөрү менен байланышууга чакырды.
Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул Түндүк Кореянын 2026-жылдагы экинчи ракета учуруусу болуп эсептелет.