Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Индиядагы нипах вирусунун инфекцияларынан улам өлкөгө саякатка же соодага чектөө киргизүүнүн зарылдыгы жоктугун билдирди. Бул тууралуу уюмдун Женевадагы расмий өкүлү билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Азыркы учурда вирустун адамдан адамга жугушу боюнча эч кандай далил табыла электиги белгиленген.
"Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму учурдагы болгон маалыматка таянып, Индияга саякатка же соодага чектөө киргизүүнү сунуш кылбайт",- деген өкүл.
Белгилей кетсек, буга чейин Индиянын Калькутта шаарына жакын жерде дарылоого мүмкүн болбогон нипах вирусунун очогу аныкталганы кабарланган.