Бишкектин мэриясы ордунан алынган объекттердин ээлери өздөрүнө таандык мүлктү алып кетиши керектигин билдирди. Бул тууралуу калаа мэриясы 27-январда кабарлады.
Маалыматка ылайык, күркөлөрдүн ээлери бир айдын ичинде тиешелүү документтери менен Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына кайрылышы керек.
Ордунан алынган мүлк Байтик баатыр көчөсү-77 дарегинде берилет.