Биз социалдык тармакта

5200гө чал! Зомбулуктун курмандыктары үчүн ыкчам байланыш ишке кирди

Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатууга кабылган аялдарга жана кыз-келиндерге жардам көрсөтүүгө багытталган 5200 күнү-түнү иштеген ыкчам байланыш номери өз ишин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Эмгек, миграция жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, ыкчам байланыш суткасына 24 саат, жуманын 7 күнү, өлкөнүн бардык мобилдик операторлору аркылуу жеткиликтүү.
Негизги багыттары:
  • зомбулуктун жана эксплуатациянын курмандыктарына психологиялык колдоо көрсөтүү;
  • жабыркагандардын укуктарын коргоо жана жеткиликтүү кызматтар тууралуу маалымат берүү;
  • коопсуз жайга, медициналык жана юридикалык жардамга кайрылуу жолдору боюнча кеңеш берүү;
  • зомбулукка күбө болгон адамдарга жана жабыркагандардын жакындарына колдоо көрсөтүү.
Министрлик ар бир чалуу маанилүү экендигин баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан