Ош шаарында мыйзамсыз Макаров тапанчасын сактап жүргөн жигит кармалды

Кечээ, 21-январь күнү саат 17:20 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзамсыз курал сактап жүргөн Ош шаарынын тургунун кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Ош ШИИББинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, 1992-жылы туулган Алишер аттуу жигиттин Ош шаарынын Некрасов көчөсүндөгү үйүн тинтүүгө алышканда, аталган үйдүн жер төлөсүнөн ак түстөгү целлофан баштыкка оролгон Макаров үлүгүсүндөгү, номери атайлап өчүрүлгөн тапанча жана анын 7 даана огу табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Алишердин мурда Кылмыш-жаза кодексинин 168 жана 105-беренелери боюнча соттолгону аныкталган. Учурда жогорудагы факты боюнча да кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан