Нигериянын улуттук электр тармагы акыркы беш күн ичинде экинчи жолу бузулуп, өлкө толук караңгыга батты. Бул абал федералдык борбордук аймакты, анын ичинде Абуджа баш калаасын да камтып жататканын кабарлайт The Guardian.
Нигериянын өз алдынча системалык операторунун маалыматына караганда, электр энергиясынын өндүрүшү 4 миң МВттан 219 МВтга чейин төмөндөгөн. Натыйжада фабрикалар, кеңселер жана турак жайлар генераторлорго жана күн батареяларына өтүүгө мажбур болду.
Мындай учур акыркы жолу 23-январда болгон. Азыркы учурда ремонттук кызматтар линияларды текшерип, себептерин аныктоодо.