Биз социалдык тармакта

Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары өлкөгө келди 

Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтисиашвили өлкөгө келди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жүк ташуулар жана логистика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маселелери талкууланган.
Мындан тышкары, ишкерлер Грузия аймагы аркылуу жүк ташууларды жүзөгө ашырууда туш болгон көйгөйлөрүн айтышкан. Бул маселелер боюнча грузин тарап конструктивдүү диалогго даяр экенин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууну белгилеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан