Кыргызстандык бильярдчылар 22-26-январь аралыгында Орусиянын Киров шаарында өтүүчү “Киров-миллион” Эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдешке катышуу тууралуу арызын 7 өлкөдөн 67 кий чебери жолдогон. Кыргызстандын желеги астында Антон Нетесов жана Камолиддин Есиддинов кармаш өткөрүшөт. Бүгүн, 22-январда чүчү кулак ташталып, тандап алуу оюндары старт алат.