Биз социалдык тармакта

iPhone 18 смартфондору качан чыгарыла турганы айтылууда 

Apple компаниясы жаңы iPhone 18 сериясын качан сатыкка чыгарары болжолдуу түрдө айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга ылайык, жаңы чыгарыла турган iPhone телефондору эң жогорку эс тутумга ээ болгондуктан, биз күткөндөн да кымбат баада сатылышы мүмкүн. Мындан тышкары, смартфондордун он сегизинчи линиясы мурунку сериялардагыдай заматта эмес, этап менен киргизилет.

iPhone 18 Pro, iPhone 18 Pro Max 2026-жылдын күз айларында сатыла башташы ыктымал. Ал эми 2027-жылдын жазында iPhone 18дин негизги линиясы чыгарылып, ал жеткиликтүү баада болору айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан